Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Бекешев: KG номурлары дале ар кимдин колунда


Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда унаанын KG белгиси бар номурлары дале мыйзамсыз колдонулуп жатканын билдирүүдө. Депутаттын “Азаттыкка” кабарлашынча, 24-ноябрда парламент мамлекеттик белгилер боюнча токтом кабыл алып, мамлекеттик номурларды колдонууга чектөө киргизген. Ага ылайык, KG номурлары президент, өкмөт башчы жана депутаттардын гана автоунааларына тагылаары белгиленген. Бирок Бекешев учурда Жогорку Кеңештин токтому иштебей, мамлекеттик кызматкерлер номурларды автонууларына ыксыз тагып жүрүшкөнүн айтууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-спикерине KG номурларын жөнү жок тараткан деген доомат коюлуп, бул жагдай коомчулукта талкуу жараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG