Кыргызстан Өзбекстан менен газ боюнча жаңы келишим түзө элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап 2012-жылга карата жаңы келишим түзүү сунушу менен бир нече жолу Өзбекстанга кайрылганы менен жооп боло элек.
25-декабрдан бери Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстандан газ келбей жатат. Кайрадан качан берилээри азырынча так белгисиз. Буга чейин түштүк аймактагы облустарга келе турган көгүлтүр оттун көлөмү да кескин азайган болчу. Өзбек тарап бул жагдайды суук аба ырайы жана газдын өлкөдө аз өндүрүлүп жатканы менен түшүндүргөн. Былтыр өзбек тарап менен келишим январ айынын башында түзүлгөн болчу. (KKs)