Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Аргентинада жаныбарлар аткезчилиги үчүн чех жараны кармалды


Аргентина аэропортунда 247 жандыкты ташып өтүүгө аракттенген Чехиянын бир жараны кармалды. Жергиликтүү гезиттердин жазганына караганда, 51 жаштагы Карел Абеловски Мадридге бараткан учакка уулуу жыландар, рептилиялардын сейрек кездешчү түрлөрү менен толтурулган чемоданды алып өтүүгө аракеттенген. Арасында өтө кооптуу анаконда, питондор бар болчу деп кабарланууда. Окуя 7-декабрда болгону менен анын чоо жайы жакында эле маалым болду. Судья Абеловскиге аткезчилик аракети үчүн айып такты. Ал 10 жылга эркинен ажыратылыш мүмкүн.

XS
SM
MD
LG