Бразилия ички дүң өнүмү боюнча Улуу Британияны артта калтырып, дүйнөнүн алтынчы ири экономикасы болуп калды. Мындай маалыматты экономика жана бизнести изилдөө боюнча британиялык борбор таратты. Изилдөөдө белгиленгендей, Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө жана өнүгүп келаткан бир катар мамлекеттерде экономиканын өсүшү байкалса, Европанын экономикасында алга жылыштар жок. Эң ири экономикалардын тизмесин АКШ баштайт, экинчи орунда Кытай турат.