Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Июнда жабыркаган ишкерлер митингге чыгышты


Былтыр июн окуясында жабыркаган ишкерлер бүгүн Ош шаарында митингге чыгышты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, чогулгандардын саны 70-80 адам болду. Алар мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразы экенин айтышты. Вице-мэр Алимжан Байзаков алардын талаптары өкмөткө жиберилгенин, бирок азырынча жооп боло электигин айтканда митингчилер тарап кетишти. 2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжалда 400дөн ашуун адам набыт болуп, миңдеген ишкерлер бизнесинен айрылган. (RK/SE)

XS
SM
MD
LG