Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Сирия армиясы Хомс шаарынан танктарды чыгара баштады


Арап Лигасынын байкоочулары бүгүн Сириянын камоодогу Хомс шаарына келди. Хомс сегиз ай мурда президент Башар Ассаддын режимине каршы башталган элдик козголуштун очогу. Оппозиция активисти Мухаммад Салехтин билдиришинче, армияны калааны артиллериялык куралдардан аткылоону бүгүн эртең менен токтоткон жана ал кеминде алты танктын шаардан чыгып баратканын көргөн. Арап Лигасынын байкоочулары Сирия өкмөтү өз убадасында туруп, тынчтык планын аткарып жатканын, анын ичинде шаарлардан танктарды чыгарып кеткенин такташат. Хомстун бир бөлүгү качкын аскерлер түзгөн Эркин Сирия армиясынын ээлигинде.

XS
SM
MD
LG