Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

“Ал-кайидачылар” Багдаддагы “кандуу бейшембини” уюштурганын тастыкташты


“Ал-Кайида” уюмунун Ирактагы бөлүмү өткөн жумада Багдадды канга бөлөгөн бомба чабуулдары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Өткөн бейшемби күнкү координацияланган бомба жардырууларынан 69 киши өлүп, 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Өзүн “Ирак Ислам мамлекети” деп атаган уюм бүгүн Интернетке жайгаштырган билдирүүсүндө “Бейшемби күнкү жапырык суннилерди колдоп, же абакта отурган жана өлүм жазасына тартылган суннилерди эскерип” жасалганы белгиленет. Маркумдар Ирактагы шийи көпчүлүктөрдүн арасында Ирандын таасирин өстүрүүгө багытталган “кара сантай долбоордун” курмандыктары болгон деп айтылат “ал-Кайидачы” топтун билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG