Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Азербайжан-Түркия орток газ консорциумун түзөт


Азербайжан жана Түркия “Транс Анадолу Доглагаз” консорциумун түзүүгө чамынууда. Эки тарап 26-декабрда Азарбайжан менен Түркияны бириктирген газ куурун куруу жөнүндөгү меморандумга кол коюшкан эле. Азербайжан өкмөттүк СОКАР жана Түркиянын БОТАС энергокомпаниясы биргелешип курчу куур аркылуу жылына 16 миллиард куб метр газ ташылууга тийиш. Беш жылдан кийин бүткөрүлчү куур Грузия аркылуу өтөт жана долбоор 5 миллиард долларга бааланууда. Көгүлтүр отундун 6 миллиард куб метрин Түркия керектеп, калган 10 миллиард куб метри Болгария аркылуу Европа өлкөлөрүнө сатылат.

XS
SM
MD
LG