Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Ош облусунда эң мыкты айыл жана шаар аныкталды


Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча, Алай районунун Гүлчө айыл округу “Ош облусундагы эң мыкты айыл округу” деп, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл округу “Облустагы эң мыкты тоолуу аймактагы айыл округу”, Өзгөн шаары “Эң мыкты шаар” деп аталды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында экономиканы өcтүрүү, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү, социалдык тармакты жакшыртуу максатында жыл башында сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы жаңы жыл алдында чыгарылып, Гүлчө жана Катта-Талдык айыл округдарына 100 миң сомдон, Өзгөн шаарына 70 миң сом берилди. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген аймактарга да 50 миңден 70 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Берилген каражаттар аймакты ар тараптан жандандырууга жумшалат.

Сынакты өткөрүү үчүн облустук бийлик 510 миң сом каражат бөлгөн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG