Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Ысык-Көл: Маньяк жөнүндө маалымат такталган жок


Ысык-Көл облусунда маньяк пайда болду деген маалымат такталган жок. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жалил Илипаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, соңку айларда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын сөөгү табылган. Эки кылмыштын бети ачылды. Бири мас абалында мушташтын айынан болгону, шектүү деп кармалган аял Любовь Зайцева экени, экинчиси боюнча шектүү деп Эрмек Шафиков кармалганы айтылды. Үчүнчү кылмыштын бети азырынча ачыла элек.

28-октябрда моюнуна бычак сайылып, моюнунун бир жак тарабы кесилген аялдын өлүгү табылган. 6-ноябрда Караколдогу шаардык аэропорттун аймагында башы кесилген аялдын денеси табылган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG