Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Оштогу мектептерде билим сапаты төмөн


Ош облусундагы мектептердеги билим сапаты республика боюнча төмөн көрсөткүчтө. Бул тууралуу бүгүн облустук администрацияда он бир айдын жыйынтыгы боюнча коллегияда билим берүү, туризм жана спорт бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Мамаева айтты.

Маалыматка ылайык, быйыл республикалык олимпиадага облустан катышкан 40 баланын үчөөсү гана байгелүү орундарга жеткен. Алай, Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорундагы мектептердеги билим сапаты талапка жооп бербейт.

“Аталган райондордо мугалимдердин жетишсиздиги да чоң маселе. Бирок райондук билим берүү бөлүмдөрүндө адистерди жумушка тартуу аракети байкалбайт. Мектептерде текшерүү жүргүзүп, билим сапатын жогорулатуу пландары иштелип чыкпаганын көрдүк”,- деди Мамаева.

Ош облусундагы мектептер окуу китептери менен 37 пайыз гана камсыз болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG