Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:00

Акыйкатчы абактагылардын абалы менен таанышат


Акыйкатчы Турсунбек Акун 28-декабрда Бишкектеги №47 колонияга барат. "Азаттыкка" акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал абактагылардын абалы менен таанышып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров менен жолугушат. Аскаровду Кыргызстандын Жогорку Соту былтыркы июн окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө, баш аламандык уюштурууга тиешеси бар деп райондук, облустук соттор чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. Аскаров өзү сот чечимине ынанбай турганын билдирүүдө. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары Нави Пилай Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аскаров боюнча 20-декабрдагы чечимине өкүнүчүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG