Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Путин бардык көңүлдү президенттик шайлоого бурууга үндөдү


Премьер-министр Владимир Путин орусиялыктарды бардык көңүлдү 4-мартта болчу президенттик шайлоого бурууга чакырып, оппозицияны Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракеттенүүдө деп сындады. "Биз азыр сиздер менен чогуу бардык көңүлүбүздү Орусия Федерациясынын президентин шайлоого бурушубуз абзел",-деди Путин. Ал буга чейин эки мөөнөт президенттик кылган.

Премьер-министр Путиндин айтышынча, марттагы президенттик шайлоо "ачык, айкын жана калыс өтүүсү үчүн бардык аракеттер жасалат". Оппозицияда бирдиктүү программасы жок экени, Путиндин айтымында, алардын ичинде эл үчүн конкреттүү жумуш жасачу адамдардын жок экенин көрсөтөт. Бул Путиндин жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып, 24-декабрда оппозиция өткөргөн демонстрацияга берген жообу болду.

XS
SM
MD
LG