Пакистанда оппозиция лидери Беназир Бхутто айымдын курман болгонунун төрт жылдыгы белгиленди. Бхутто айымдын күйөөсү президент Азиф Али Зардари зайыбынын кичи мекени Гархи Куда Бакш шаарында Бхуттолор үй-бүлөсү түптөгөн Пакистан Элдик партиясынын тарапкерлери алдынча сөз сүйлөдү. Зардари өз сөзүндө Беназир Бхуттону өлтүрүүнү “Пакистанда чыныгы демократияны орнотууга каршы багытталган кутум” деп мүнөздөдү.
Мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто 2007-жылы 27-декабрда Равалпинди шаарында шайлоочулар менен кездешүүдөн кийин жанкечти жардырган бомбадан жана куралдуу кол салуудан набыт болгон.
Мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто 2007-жылы 27-декабрда Равалпинди шаарында шайлоочулар менен кездешүүдөн кийин жанкечти жардырган бомбадан жана куралдуу кол салуудан набыт болгон.