Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Иран парламентинде мушташ болду


Мамлекеттик субсидияларды талкуулоо кезинде өкмөттүн атынан келген Бехруз Муради парламент мүчөсүн бетине уруп жиберип, экөө мушташа кетти. Экөөнүн төбөлөшү маалында айтылган сөздөр түз радиоберүүдөн угулуп жатты. Чатак депутат өкмөттү элди газ, электр жана суу менен камсыздаган компанияларга компенсация төлөбөдү деп айткандан кийин башталды. Былтыр Иран өкмөтү отун энерегиясын жана азык-түлүктүн баасын субсидиялоону кескин азайткан. Парламент төрагасы Али Ларижани өкмөттүн субсидиялар департаментинин башчысы Бехруз Мурадиден залдан чыгып кетүүнү талап кылгандан кийин гана мушташ токтоду.

XS
SM
MD
LG