Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:42

Курултайлар жөнүндө мыйзам каралат


Бүгүн Жогорку Кеңеште элдик курултайлардын макамын аныктаган мыйзам долбоору талкууга алынат. “Курултайлар жөнүндө” мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Каныбек Иманалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул мыйзам курултай өткөрүүнүн тартибин белгилейт. Мындан тышкары курултайдын өлкө бийлигине сунуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт. Конституцияга ылайык, жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. (KKs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG