Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Ичимдикке берилген өспүрүмдөр көбөйдү


Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаш өспүрүмдөр арасында алкоголдук ичимдиктерди ичкендер көбөйгөнүн билдирүүдө. Маалыматка ылайык, быйыл 10 ай ичинде 181 өспүрүм иликтенип, алардын 151и ичимдик ичкени аныкталган. Былтыркы иликтөө учурунда 100 баладан 8и гана алкоголдук ичимдиктерди ичерин билдиришкен.

Андан тышкары быйыл Республикалык наркология борбору тарабынан 9-16-жаштагы 100 жеткинчектер арасында анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлүп, ага катышкан балдардын 38 пайызы, кыздардын 25 пайызы курамында алкоголь бар ичимдиктерди бир айда 2-3 жолу ичишерин белгилешкен. Саламаттык сактоо министрлиги кубат берүүчү ичимдиктер менен алкоголдук ичимдиктер өспүрүмдүн ден-соолугун ууландырарын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG