Араб Лигасынын Сирияда жүргөн байкоочулары антиөкмөттүк чыгуулардын очогу болгон Хомс шаарына бүгүн да барышат. Алар эки тарап тең кызматташып жатканын билдиришти. 50 кишиден турган топ кечээ шаардын акими менен жолугушту. Байкоочулар Дамаск өкмөтү тынчтык планын кантип аткарып жатканын иликтешүүдө.
Жыл аягына чейин Сирияга бардыгы болуп 150 чакты байкоочу барат деп күтүлүүдө. Жергиликтүү активисттердин айтымында, кечээ өлкөнүн ар кайсы жерлеринде коопсуздук күчтөрүнүн колунан кеминде 15 киши набыт кеткен. Дамаск бийлиги чет өлкөлүк журналисттерге Сирияга кирүүгө тыюу салгандыктан, бул ырастоолорду көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес. БУУнун болжолунда, президент Асаддын режимине каршы башталган көтөрүлүштө марттан бери 5 миңдей киши каза тапты. АКШ Сирия өкмөтү өз элине каршы чабуулдарды күчөттү деп айыптады.