Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Бишкектеги №1 ооруканада өрт чыкты


Өткөн түнү Бишкектин Фучик атындагы көчөсүндө жайгашкан №1 ооруканасында өрт чыккан. 15 чарчы метр аянт күйүп кеткен. 12 оорулуу адам башка бөлмөлөргө көчүрүлгөн. Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

Бирок аталган оорукананын жетекчилиги "Азаттыкка" өрт чыкпаганын, электр зымдарына байланыштуу гана проблема болгонун, эч ким эвакуацияланбаганын билдирди.

Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирлан Молдокматовдун "Азаттыкка" билдиришинче, өрт кырсыгы чын эле катталган, оорукананын жетекчилиги муну эмне себептен жашырып жатканы белгисиз. Анын айтымында, өрт тууралуу маалымат 01:48де түшкөн. Эки өрт өчүргүч бөлүк кырсык болгон жерге барган. Тилсиз жоо 03:18де бойдон өчүрүлгөн.

Кырсыктан адамдардын жабыркаганы тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG