Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Атамбаев: Коррупциянын лөктөрү дагы эле чардап жүрүшөт


"Азырынча бир дагы ири коррупционер өзүнүн кылмышы үчүн түрмөдө отурган жок. Майда чабактары тузакка түшүп калып, лөктөр болсо азыр деле чардап жүрүшөт. Бул болсо элибиздин кыжырын келтирип жатат", - деди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө. Ал жаңы өкмөттүн ант берүү аземине катышты.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, коррупциянын экономикага келтирген зыяны 2010-жылы 24 миллиард сомдон ашкан.

Атамбаевдин айтымында, 150дөн ашык кылмышкер түрмөгө камалды, калгандары чет өлкөдө качып жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG