Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Атамбаев: Элди суукка тоңдуруп өлтүрөбүзбү?


"Азыркыдай элибизди күндөп-түндөп электр жарыгысыз калтырууга жол бербеш керек!", - деди президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөткө кайрылып. Ал жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышуу үчүн парламентке барган.

Мамлекет башчысынын айтымында, эмдиги жылы Датка – Кемин линиясын тез арада кура баштоо зарыл, ага удаа трансформатор, эскирген кабелдерди алмаштыруу керек.

"Бул маселени чечүү үчүн канча каражат керек болсо да тапкыла, керек болсо кредит алгыла. Кытай ошондой кредит бергенге даяр. Тышкы карыз көбөйөт деп элибизди светсиз, караңгы үйлөргө камап, суукка тоңдуруп өлтүрөбүзбү? Же, мисалы, Центерранын акцияларын, башка мамлекеттин активдерин ушундайда колдонбосок, качан колдонобуз?", - деди Атамбаев.

Өткөн аптанын ортосунда абанын температурасы 20 градустан ашып, айрыкча Бишкекте жана шаар четинде эл электр жарыгысыз, газсыз калган. Нааразы болгондор жол тосушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG