Бүткүл дүйнөлүк ислам экономикалык форуму Кыргызстанда каржылоонун ислам принциптерин жана алал өндүрүшүн өнүктүрүүгө жардамдашат. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Аскар Бешимовдун аталган уюмдун баш катчысы Ахмад Фузи менен жолугушуусуна айтылды. Жолугушуу Куала-Лумпур шаарында өттү. Келерки жылы Абу-Дабиде атайын жыйын уюштурулуп, бул боюнча так сүйлөшүүлөр өтмөй болду. (RK)