Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Оштогу учак кырсыгы: 18 адам ооруканада


Оштогу учак кырсыгынан жабыркаган 18 адам шаардык ооруканага жеткирилди, алардын абалы анча оор эмес экенин дарыгерлер айтышууда. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз маалымдайт. Анын айтымында, учурда шаарда катуу кар жаап жатат. Тумандан аэропорттун тегереги көрүнбөйт. Учактан чыккан жүргүнчүлөр кырсык конуп келатканда болгонун, жарылгандай үн чыкканын айтышууда.

Ош аэропортунда авиакырсыкта каза болгондор жок экенин мурдараак "Азаттыкка" "Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов билдирген. Анын айтымында, "учак конуп баратканда тилкеден чыгып кеткен, жүргүнчүлөр аман, бирок учак жарабай калды". Ту-134 учагы Бишкектен учуп барган. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG