Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Акыйкатчы Аскаровду коргоо боюнча эл аралык комитет түзөт


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргоо боюнча эл аралык комитет түзөт. Бул тууралуу ал бүгүн Аскаров жаткан №47 абакты кыдыруусу учурунда журналисттерге айтты.

Азимжан Аскаров былтыр июн коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деген.

Бирок бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Аскаровго карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, мыйзам бузуулар болгонун айтышууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG