Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Учак кырсыгынан катуу жабыркагандар жок

Ошто бүгүн болгон авиакырсыктан жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилди. Оорукананын башкы дарыгери Абдыжалил Муратовдун "Азаттыкка" билдиришинче, азыркы саатка карата 9 адам келип түштү. Алардын жарааты жеңил экени айтылууда. Башка маалыматтар боюнча, ооруканага түшкөндөрдүн саны 18 адам. Кабарчыбыздын билдиришинче, учак аңтарылып жатат, бир канаты үзүлгөн. "Кыргызстан" авиакомпаниясына таандык Ту-134 учагы Ошко Бишкектен учуп барган. (BI/RK)
XS
SM
MD
LG