Учак кырсыгынан жабыркаган 12 адам учурда Ош шаардык ооруканасында. Бул тууралуу "Азаттыкка" башкы дарыгери Абдыжалил Муратов билдирди. Анын айтымында, катуу жабыркагандар жок. Бүгүн түшкө маал Бишкектен Ошко учуп барган Ту-134 учагы аэропортко жетип коноорунда тилкеден чыгып кетип, кырсыкка учураган. Кабарчыбыздын маалымдашынча, учак аңтарылып жатат, бир канаты үзүлгөнү көрүнүп турат. Каза болгондор жок.(BI/RK)