Оштогу учак кырсыгына кабылгандардын арасында 7 бала бар экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлоодо. Аларды дарыгерлер карап чыгышты, экөөнүн башы айланып жатканы аныкталды. Жалпысынан шаардык ооруканага 12 адам жеткирилген. Дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен биринин абалы орто оордукта. Набыт болгондор жок. (RK)