Соңку сааттарга карай Оштогу дарыгерлерден алынган маалымат боюнча, Ош шаарынын аэропортунда болгон окуяда ТУ-134 учагында жабыркагандардын саны баардыгы болуп 26. Учактын бортунда баардыгы 84 адам болгон. Окуя болгон жерге 7 тез жардам унаасы барган. Медициналык топтун курамында 6 психолог бар. Алар 50 адамды карап чыгып, кеп-кеңештерин беришти. Окуя болгон жерден аныктаган кезде алардын жаш курактары 4 жаштан 34 кө чейин экендиги айтылып, негизинен башынын айлануусу, сөөктөрүнүн сыздашы, стресс абалында болуусу, денесинин оорушу менен ооруканага 12 адам жаткырылды. Жабыркагандардын арасынан 2 бала облустук балдар ооруканасына жөнөтүлдү. Даттанып кайрылгандардын ичинен биринин абалы орто оордукта. Мерт кеткендер жок. Кабарчыбыздын жана Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, учактын ичинде 82 адам болгон. (RK)