Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Түндүк Корея мурдагы лидери менен коштошууда


Түндүк Кореянын байтакты Пхенянда өлкөнүн лидери Ким Чен Ир менен коштошуу зыяпаты өтүүдө. Маркумдун сөөгү салынган табыт жүктөлгөн катафалкага башын ийип таат кылган, ыйлаган жана “ата, ата” деп өксүгөн адамдардын сүрөттөрүн өкмөттүк телеканал көрсөттү. Зыяпатты Түндүк Кореянын жаңы лидери, маркумдун уулу Ким Чен Ын баштап өттү. 69 жаштагы Ким Чен Ир 17-декабрда көз жумган. Ал бийликти 1994-жылы атасы Ким Ир Сенден мурастап алган.

XS
SM
MD
LG