Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Батыровго байланыштуу соттук териштирүү кийинки айга жылды


Былтыркы улут аралык араздашууга жана массалык баш аламандыктарга
катышы бар деп айыпталган соттолуучу, Жалал-Абад обулустук өзбек
улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы Кадыржан Батыров менен
бирге дагы беш адамга тиешелүү Жалал-Абад облустук сотунун
28-декабрга белгиленген сот иши болбой калды. Ага айыпталуучулардын
жактоочуларынын келбей калгандыгы себеп болгонун кабарчыбыз маалымдайт. Соттолуучулардын шаардык соттун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча доо арызын кароо 11-январга калды. Жалал-Абад шаардык соту Кадыржан Батыровду өмүр бою абакка кескен. Ал былтыркы улут аралык араздашуудан кийин облус аймагынан чыгып кетип, чет элдик маалымат каражаттары аркылуу өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG