Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Жогорку Сот: Аскаров улуту үчүн эмес, кылмышы үчүн жазаланды


Өмүр бою эркинен ажыраган Азимжан Аскаров улуту үчүн эмес, жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн кесилди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, Аскаров боюнча соттук териштирүү мыйзам чегинде өттү.

20-декабрда Кыргызстандын Жогорку Соту буга чейин райондук жана облустук соттор чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. Ал былтыркы июн окуясы учурунда милицияны өлтүрүүгө, баш аламандык уюштурууга күнөөлүү деп аталды. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милиционер Мыктыбек Сулаймановдун туугандары Аскаровдун жазасын жеңилдетпөө талабын айтып бир нече ирээт нааразылык акцияларын уюштурушкан. Тергөө материалдарында Аскаров аны өлтүрүүгө, жергиликтүү бийликке баш ийбөөгө, улуттар аралык араздашууга чакырганы боюнча далилдер келтирилгенин Жогорку Сот маалымдаган.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров өзү соттун чечимине ынанбаганын билдирүүдө. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов чечим адилет эмес болгонун, Аскаровду кыйнашканы тууралуу тиешелүү документтерге соттор көңүл бурбай койгонун "Азаттыкка" билдирди. Былтыр июнда кыргыз-өзбек этностор аралык коогада 400дөн ашуун адам набыт болгон.(RK)

XS
SM
MD
LG