Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Маймыл-шимпанзе Чита 80 жашында дүйнө салды


1930-жылдары тартылган “Тарзан” тасмасына катышкан маймыл-шимпанзе Чита 80 жашында каза тапты. АКШнын Флорида шаарындагы зоопарктын өкүлү жаныбар 24-декабрда бөйрөгү иштебей көз жумганын маалымдады. Шимпанзе көп сериялуу “Тарзан” тасмасында сууга сүзүү боюнча Олимпида чемпиону, америкалык Жонни Вайсмюллер менен чогуу ойногон. Чита акыркы жылдары телевизордон футбол көргөндү жана сүрөт тартканды, ошондой эле адамдардын күлгөнүн көрүп ырахат алганды жакшы көрчү.

XS
SM
MD
LG