Бүгүн Жогорку Кеңеш “Судьялардын макамы жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү талкууга алат. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул мыйзам судьяларды тандоо, алардын макамын аныктоонун жол-жоболорун камтыйт. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда 160га чукул судьянын ыйгарым укуктары токтоорун, жаңы судьяларды тандоонун тартиби жаңы жылга чейин аныкталбаса, ондогон судьялардын кызматтан кетиши сот бийлигине кедергисин тийгизээрин белгилеген. (KKs)