Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Учактын кулашын атайын комиссия териштирет


Ош шаарында кечээ учактын кырсыкка кабылышынын себеп кесепеттерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул комиссияны биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жетектейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ыкчам башкаруу башкармалыгынын башчысы Бакыт Алымбековдун берген маалыматына караганда, кечээ саат түштөр чамасында Бишкектен Ошко учуп барган «Кыргызстан» аба компаниясына тийиштүү Ту-134 учагы конуп жатып күтүүсүз кырсыкка учураган. Соңку маалыматтарга ылайык, учактын оң канаты жана дөңгөлөгү үзүлүп кетип, андан кийин өрт чыккан.

Учакта 80ден ашуун жүргүнчү болгон. Ушу тапта алардын жыйырмага чукулу ооруканага жаткырылды, дагы он чакты киши медициналык жардам алды. Учуу жана учак пайдалануу эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш иши козголду. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кырсыкты чоо-жайын жеринен билүү үчүн Ош шаарына камынып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG