Түндүк Кореяда өлкөнүн мурдагы жол башчысы Ким Чен Ирди эскерүү иш-чарасы уланууда. Кечээ Пхеньянда маркумдун тажыясы өткөн. Аны акыркы сапарга узатуу үчүн шаардын көчөлөрүнө миңдеген киши чогулган. 17-декабрда жүрөгү кармап каза болгон Ким Чен Ирдин ордун кичүү баласы Ким Чен Ын басмакчы. Буга чейин ал куралдуу күчтөрдүн кол башчысы жана башкаруудагы Жумушчу партиянын лидери деп аталган.