Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Ош: Жарылуудан бир адам мерт кетти


28-декабрда Ошто жарылуу болуп, бир адам мерт кеткенин бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Окуя түштөн кийин болгон. Ак-Тилек кичи районунда 40 тонналык күйүүчү май ташуучу автоунаанын бош цистернасын ширетип жатканда жарылуу болгон. 1989-жылы туулган Кара-Кулжа районун тургуну Жороев жаракат алып, ооруканага бара жатканда жолдон мерт болгон. Автоунаанын айдоочусу 1969-жылы туулган Шайдуллаев колунан жаракат алып ооруканада. Өрт чыккан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG