Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Азиздерге ылайыксыз светофорлор сатылып алынбайт


Азиздер үчүн үн чыгарып белги бербеген светофорлорду сатып алууга тыюу салынышы керек. Бул тууралуу токтом Жогорку Кеңеште кабыл алынганын парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ошондой эле имараттарды салууда пандустардын, таянгычтардын сөзсүз болушун талап кылуу өкмөткө тапшырылды. Кыргызстанда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 133 миң экени айтылып келүүдө. Алардын 10 миңдейи Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү. (RK)

XS
SM
MD
LG