Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Бабанов: Учакта жабыркагандарга 80 миңден берилиши керек


Учак кырсыгынан жабыркаган 3 адам учурда Ош шаардык ооруканасында, дагы 2 бала балдар ооруканасында дарыланып жатышат. Аларга "Кыргызстан" авиакомпаниясы 80 миң сомдон компенсация төлөп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн Ошко барган премьер-министр Өмүрбек Бабанов айтты. Башка жабыркагандарга да акчалай жардам берилиши керектиги айтылды.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, ооруканадагылардын абалы жакшы. Өкмөт башчысы өткөргөн жыйында кырсыктын себеби аба ырайынын начардыгы болгону айтылды. Жыйынга аэрпорттун, авиакомпаниянын өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты. Кечээ ооруканага 17 киши жеткирилгени айтылууда. Алардын көбү бир сыйра медициналык жардам алгандан кийин чыгып кетишкен.

28-декабрда түштө Бишкектен Ошко учуп барган «Кыргызстан» аба компаниясына тийиштүү Ту-134 учагы конуп жатып күтүүсүз кырсыкка учураган. Анын оң канаты жана дөңгөлөгү үзүлүп кетип, андан кийин өрт чыккан.

Учакта 80ден ашуун жүргүнчү болгон. Мерт кеткендер болгон жок. Учуу жана учак пайдалануу эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш иши козголду. (RK)

XS
SM
MD
LG