Январ айында Кыргызстанда күндүзгү абанын температурасы 18 градус сууктан ашпайт. Бул тууралуу бүгүн синоптиктер билдиришти. Чүйдө түнкүсүн эң суугу 16-21, күндүз 15 болот, 5 градуска чейин жылышы да күтүлүүдө. Таласта түнкүсүн 17-22ге чейин, күндүз -13кө чейин жетип, 5 градуска чейин жылыган күндөр да болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн эң суугу 15 градус, күндүз 6 градуска чейин жетет, айрым күндөрү 5 градус жылуу да болушу күтүлүүдө. Көлдө түнкүсүн эң суугу 13, күндүз 7 гардус болоору күтүлүүдө. Нарында түнкүсүн эң суук 27 градуска чейин жетет, күндүзгү суук 18ге жеткен күндөр да болот.
2007-жылы 30-январда Бишкекте күндүз абанын температурасы 19 градуска чейин ысыган. 1920-жылы 31-январда суук 38ге чейин жеткен. (RK)
2007-жылы 30-январда Бишкекте күндүз абанын температурасы 19 градуска чейин ысыган. 1920-жылы 31-январда суук 38ге чейин жеткен. (RK)