Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

АКШ Ормуз кысыгынын жабылышы менен келише албайт


Жакынкы Чыгыштан мунайды дүйнөлүк базарга ташуудагы маанилүү жол болгон Ормуз кысыгынын жабылышы менен Кошмо Штаттары келише албай турганын Пентагон билдирди. АКШнын Бешинчи флотунун өкүлүнүн айтканына караганда, өзүнүн эл аралык коомчулук менен өтө маанилүү байланыштарын коргоо үчүн АКШнын аймактагы деңиз күчтөрүнүн туруму кубаттуу.

Вашингтондун жогорудагыдай эскертүүлөрү Ирандын вице-президенти Мохаммед Реза Рахими эгер өлкөнүн мунай өндүрүшүн бутага алуучу жаңы санкциялар ишке киргизилсе, Тегеран Ормуз кысыгынан бир дагы тамчы мунай өтүшүнө жол бербей турганын билдиргендин эртеси айтылды.

Президент Барак Обама Ирандын Борбордук банкын бутага алуучу жаңы санкциялар боюнча мыйзамга кол койгон жатат. Эгер ал ишке ашырылса Ирандын мунайдын түшүүчү кирешесине бир топ сокку урат.

Ирандын деңиз күчтөрүнүн колбашчысы, адмирал Хабиболла Саяри мурдараак Ирандын Пресс ТВ телеканалына “Ормуз кысыгын жаап коюу алар үчүн бир чөйчөк суу ичкендей эле жеңилдигин, бирок азыр буга зарылчылык жарала электигин” билдирген.

XS
SM
MD
LG