Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Жаңы-Өзөндө демонстранттарга ок атылуусу боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Башкы прокуратурасы жарыялады. Баш прокуратуранын өкүлү Нурдаулет Сүйүндүковдун айтымында, полиция демонстранттарга ок ачканда ыйгарым укугунан аша чапкан-чаппаганын аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.

Ок атуудан кеминде он беш адам өлгөн жана Интернетке Жаңы-Өзөндүн тургундары тарабынан коюлган видеодо полиция качып бара жаткан демонстранттарды атып жатканы тартылган.

Шаардын мунай тармагында иштеген тургундары айлык акынын көбөйтүлүшүн талап кылып, май айынан бери нааразылык акциясында турушкан. 16-декабрь - Казакстандын көз карандысыздык күнүндө бийлик майрамды белгилөөгө даярдык көрө баштаган кезде шаарда тополоң чыккан.

Башкы прокуратуранын өкүлү Нурдаулет Сүйүндүков кошумчалагандай, башаламандыктын тутанышы үчүн шектүү адамдарды да камоо уланууда. Азыркыга чейин 20 киши кармалып, алардын 18ине айып коюлду.

XS
SM
MD
LG