Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Түндүк Корея дүйнөдөн өткөн жолбашчысын экинчи күн эскерди


Ким Ир Ченди эскерүү боюнча Пхеньяндын борбордук аянтындагы митингге өкмөт өкүлдөрү, армиядан жана жарандардан 100 миңдей киши жыйналды. Аза күткөндөрдүн көбү кара кийинип турушту.

Расмий өкүлдөрдүн сөздөрүнөн жана үч мүнөт унчукпай туруудан кийин Ким Чен Ир үчүн аза күтүү мөөнөтү расмий аяктаганынын белгиси катары өлкө боюнча сиреналардын добушу жаңырды.

Ким Чен Ир 17-декабрда 69 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Бийликти анын 28-29 жаш курактагы уулу Ким Чен Ын мурастап калууда. Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары соңку күндөрү Ким Чен Ынды “улуу жолбашчы” деп атап жатышат.

XS
SM
MD
LG