Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Казакстанда коопсуздук күчтөрү террорчу деп шектелген адамды жок кылды


Казак коопсуздук күчтөрү Боролдойдо атышуу болгон үйдүн жанында. 4-декабрь, 2011-жыл.
Казак коопсуздук күчтөрү Боролдойдо атышуу болгон үйдүн жанында. 4-декабрь, 2011-жыл.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, окуя Кызыл-Ордо шаарында болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Арстан” атайын бөлүгүнүн күчтөрү террордук топтун лидери деп эсептелген, 40 жаштагы Эрик Аяазбаевди кармоого аракеттенишкен. Прокуратуранын ырастоосунда, ал коопсуздук күчтөрүн көздөй ок чыгарып, атышуу учурунда ажал тапкан.

Эрик Аязбаев кирген террордук топтун жолбашчысы Агжан Касен жана топтун беш мүчөсү 3-декабрда Алматыдан көп алыс эмес Боролдой кыштагындагы атайын операция учурунда мерт болушкан. Ал операцияда казак коопсуздук күчтөрүнүн эки өкүлү да ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG