Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Сирия оппозициясы бүгүн ири акция өткөргөнү жатат


Сириялык активисттер бүгүн жума намазынан кийин ири нааразылык акциясын өткөрүүгө үндөшүүдө. Алар кечээ коопсуздук күчтөрү өлкөнүн булуң-бурчунда, анын ичинде Араб Лигасынын байкоочулары барган жерлерде бери дегенде 25 кишини атып өлтүрүшкөнүн ырасташууда. Бир нече күндөн бери Лиганын миссиясы Сириянын шаарларын кыдырышууда. Алар президент Башар Асад демократиячыл чыгууларды күч менен басууну токтотуу убадасын канчалык аткарып жатканын текшеришүүдө.

Топтун жетекчиси судандык генерал Мустафа ал-Даби Хомс шаарында “коркунучтуу эч нерсе” байкабаганын айтып, бир топ сынга кабылды. Камоолдогу шаар, активисттер менен күбөлөрдүн айтымында, байкоочулар бараардын алдында эле кезектеги аткылоого туш болгон. БУУ президент Башар Ассадга каршы демонстрациялар башталгандан бери 9 ай ичинде Сирияда 5 миңдей киши жан таслим болгонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG