Мурманск портунда суу астында сүзүүчү “Екатеринбург” атомдук кемесинде кечээ өрт чыкты. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, ремонттон өтүп жаткан кеменин айланасында тургузулган жыгач тепкичтер күйө баштаган. Өрттү өчүрүүгө бир нече саат кетти. Чукул кырдаал министрлигинин маалыматына караганда, набыт кеткендер жок, радиациянын деңгээли нормадан ашкан жок.
Адистер кемени оңдоп-түзөөгө жарым жылдай кетет деп айтышат. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Адистер кемени оңдоп-түзөөгө жарым жылдай кетет деп айтышат. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.