Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Түрк бийлиги: аба соккусунан карапайым адамдар мерт болгон


Түркиянын расмий өкүлү бейшембиге караган түнү болгон аба соккусунан карапайым адамдар өлгөнүн бышыктады. Бийликтеги партиянын басма сөз катчысы Хусейн Челиктин билдиргенине караганда, набыт болгондор террорчулар эмес, Ирактан Түркияга товар ташыган аткезчилер болчу.

Ушул тапта окуя иликтенүүдө. Челик адам чыгымдарына байланыштуу өкүнүчүн билдирип, бейажал тапкандардын жакындарына акча төлөнүп бериши ыктымал деди. Кечээ кечинде Стамбулдун Таксим аянтында 2 миңдей күрт чогулуп, түнкү соккуга нааразылыгын билдиришти. Полиция аларды таркатуу үчүн жаш агызчу газ колдонгону кабарланууда. Адегенде түрк бийлиги учактар согушкер күрттөрдүн базалары деп шектелген жайларды бутага алышканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG