Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Лейлекте калайман жаңжал чыкты


Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында жаңжал чыкты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, кечээ кыргыз улутундагы 3 окуучу мектепке баратканда жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалышкан. Бирөө ооруканага түшүп калып, милицияга кайрылган. Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик, беш жүздөй кыргыз чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон жок. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөнү кабарланууда. Түнкү үчтөрдө окуя болгон жерге губернатор Арзыбек Бурканов барып, жергиликтүү күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрдү. Ушу тапта ал айыл аксакалдарын чогултуп сүйлөшүп жатат. Сабалган окуучу 1995-жылкы бала экени, анын абалы өтө оор эместиги айтылууда. Андарак айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү тажик улутундагы жарандар.(JsA/RK)

XS
SM
MD
LG