Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

31-декабрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
30-декабрдан 2-январга чейин кардын жаашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкүсү жүрүп, күрткүлөр пайда болуп, муз тоңушу мүмкүн. Асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо түнкүсүн жолго чыкпоо керектиги айдоочуларга эскертилет.

Аба ырайы
31-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден айрым жерлерде 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6,
Баткенде түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13 градус, күндүз -1...-6,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14,
Тоолордо түнкүсүн -25...-30, ал эми күндүз -15...-20 болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12 градус суук, күндүз 2...4 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG