Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Депутаттар Энергетика министрине эки айлык мөөнөт беришти


Бир айдын ичинде Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев Бишкектин, Оштун жана жалпы эле Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо боюнча программасын сунушташ керек. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" жана КСДП фракцияларынын биргелешкен жыйынында кабыл алынды. Депутаттар трансформатордук подстанцияларды курууга бөлүнгөн акча дайынсыз жоголгонун, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуучу зымдардагы кубаттуулук нормадан төмөн экенин айтышты. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, "Түндүкэлектрдин", жана "Кыргызгаздын" жетекчилерин кызматын аткарбай жатат деп сындашты. (RK)

XS
SM
MD
LG