Москвада жашаган кыргызстандыктардын кечеси өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди. Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын арасында таркатылуучу "Нур-реклама" гезитинин "Жылдын мыкты инсаны" сыйлыгына Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Улукбек Чыналиев татады. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Орусияда жашаган кыргызстандыктардын саны бир миллиондун тегерегинде. Алар негизинен тейлөө тармагында жана соодада алектенишет. (RK)